АГИде Ханафи мазхабы жана Имам Серахсинин Ханафиликтеги орду деген темада конференция болду

2015-05-07 15:52:07 5

Үстүбүздөгү жылдын 6-май күнү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин конференция залында «2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндө мамлекеттик саясат концепциясын» ишке ашыруу жана Ханафи мазхабын таанытуу жана жайылтуу максатында Туркия Республикасынын Анкара университетинен чакырылган профессор д-р. Бунямин Эрул, профессор д-р. Энбия Йылдырым жана Газиантеп университетинен доцент д-р. Махмут Чынар агайлар факультеттин жалпы профессордук-окутуучу курамына жана студенттерге Ханафилик мазхабы, Ханафи мазхабынын ишеним негиздерин түзгөн Матуридилик жана Имам Серахсинин Ханафи мазхабындагы орду жана ролу жөнүндө илимий кызыктуу баяндамалар жасашты. Конференция окутуучулардын жана студенттердин суроо-жооптору менен соңуна чыкты. Коноктор менен бирге Туркия Республикасынын Бишкек Элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч мырза жана ОшМУнун теология факультетинин декандын орун басары Фурхат Гөкче агай да келишип, АГИнин дин таануу факультетине өз каалоолорун билдиришти.