АГИде «Манас адамдардын сезимине таасир берүүчү улуу күч» аттуу сахналаштырылган адабий-музыкалык программа болуп өттү

2015-04-30 11:02:03 3

Үстүбүздөгү жылдын Арашан гуманитардык институтунун Жалпы билим берүүчү предметтер кафедрасынын орус тили предметинин окутуучусу В.Ф. Дрокинанын жетекчилигинде 1-курстун студенттери тарабынан «Манас адамдардын сезимине таасир берүүчү улуу күч» аттуу сахналаштырылган адабий-музыкалык программа болуп өттү. Программанын максаты, Манас эпосунун өзгөчөлүктөрүн, баалуулугун орус тилинде студенттерге жеткирүү. Программаны институттун директорунун орун басары Р. Шамилов ачып, Манас эпосун кыргыз элинин визиттик карточкасы катары экендигин, эпосто кыргыз элинин тарыхы, маданияты, коомдук турмушу, каада-салты жана башкаларын чагылдырылганына токтолду. Андан кийин куттуктоо сөзүнө чыккан факультеттин деканы С. Базаркулов акыркы он жыл ичинде Манас эпосун бурмалаганга, дин менен каршы койгонго аракет кылгандар көбөйгөнүн, бирок, эпосто эч кандай динге каршы келген фактылар жоктугун айтып, эпос менен Ислам динин каршы коюга мүмкүн эместигин баса белгиледи. Программанын концерттик бөлүгү Воронцовка айылынын Б. Бейшеналиева атындагы орто мектебинин «Келечек» ыр-бий ансамблинин коштоосунда өттү. Соңунда, факультеттин деканынын окуу иштери боюнча орун басары А. Эрматов сөз сүйлөп, жалпы факультеттин атынан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, ардак грамоталар тапшырылды.