2015-04-24 11:28:57 3
Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде «Куттуу жумалык» программасы болуп өттү. Куттуу жумалык программасына Арашан жана Койташ айылынан чакырылган коноктор катышты. Программаны институттун директорунун орун басары Р. Шамилов ачып берип, директордун тышкы иштер боюнча орун басары Октай Четин, дин таануу факультетинин деканы С. Базаркуловдор куттуктоо сөз сүйлөштү. Факультеттин окутуучусу Ш. Минбаев жана студенти А. Кенжешов докладын окугандан кийин, Пайгамбардын өмүр баянын чагылдырган слайд, сахналаштырылган көрүнүш коюлду. Аягында Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абасканов, Стрельникова орто мектебинин директору С. Берикбаев жана айыл имамы Закиржан кары ыраазычылык сөздөрүн айтышты. Программанын соңунда конокторго сый тамак берилди.