Бишкек шаарында Куттуу жумалык

2015-04-15 11:49:13 2

2015-жылдын 14-апрелинде Кожомкул спорт сарайында Кыргызстан мусулмандардын дин башкармалыгы жана Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчилиги тарабынан уюштурулган «Куттуу жумалык» маданий иш чарасы болуп өттү. Куттуу жумалыкка Арашан гуманитардык институтунун жалпы жамааты жана студенттери катышып, дин таануу факультетинин деканы доц. С.Базаркулов куттуктоо сөз сүйлөдү. Аземдин салтанаттуу программасын даярдоого Арашан гуманитардык институтунун окутуучулары жана студенттери да активдүү катышып, жогорку деңгээлде өтүүсүнө чоң салым кошту. Куттуу жумалык өлкөбүзгө кут, береке, биримдик жана өнүгүү алып келсин.