2015-04-15 11:43:12 2
2015-жылдын 9-апрель бейшемби күнү Арашан гуманитардык институттун дин таануу факультетинин студенттери мамлекеттик практикасын өткөргөн Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы Васильевка №1 орто мектебинде мектептер аралык «Мугалим деген ким?», «Ата-энеге сый урмат» жана «Мектептеги окуучулардын адеп-ахлагы» деген аталыштарда мектептер аралык доклад окуу конкурсун уюштурушту. Конкурска Грозьд орто мектеби, Октябрь орто мектеби, Васильевка орто мектеби жана Константиновка орто мектебинин 8-11 класстарынын окуучулары катышты. Конкурстун өтүшү окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өркүндөтүү менен адеп-ахлактуу болууга чакыруу болгондуктан, аталган мектептердин жетекчиликтери терең ыраазычылыктарын билдирди. Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Арашан гуманитардык институтунун Ардак грамоталар жана дин таануу факультетинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан түзүлгөн «Асыл кенч» коомдук фонду тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.