2015-03-07 10:13:13 3
Үстүбүздөгү жылдын 27-февраль жума күнү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетине Түркия Республикасынын Бишкек элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч жана Билим берүү боюнча кеңешчиси Исмаил Сафа Селчук келип, институттун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугушту. Дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч «Диний билим берүүнүн мааниси» деген темада баяндама жасаса, Билим берүү боюнча кеңешчиси Исмаил Сафа Селчук «Жаштык жана билим алуу» деген темада баяндама жасады. Келген конокторго АГИнин директору доц. Темир Жоробеков, директордун орунбасары Рашит Шамилов, координатор Октай Четин жана дин таануу факультетинин деканы доц. Сайфулла Базаркулов терең ыраазычылыктарын билдирип, мындары арыда кызматташууну бекемдеп, улантаарын билдиришти. Жолугушуунун соңунда Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетине материалдык жана руханий жактан жардам берип, колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн Орхан Генчке жана Исмаил Сафа Селчука Ардак баракчалары тапшырылды.