2015-03-04 14:31:41 4
2014-жылдын 26-февраль бейшеби күнү АГИ Дин таануу факультетинин конференция залында факультеттин 3-4-курстарынын мамлекеттик педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга факультеттин окуу иштери боюнча декандын орун басары доцент А. Эрматов, Жалпы билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор А. Акматова жана дин таануу кафедрасынын башчысы К. Айдарбеков, жалпы окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Конференцияда cтуденттер кезеги менен педпрактика учурунда өткөргөн сабактары боюнча презентация жасашты. Студенттер практикада негизги ишинен тышкары мектептин ар кандай маданий иш чараларына катышып, окуучулар арасында программаларды уюштуруу иштери менен да алектенип, предметтер үчүн көргөзмө куралдарды даярдап, класс жетекчилерге жардам бергендерин белгилешти. Конференциянын соңунда факультеттин жетекчилиги тарабынан практикадагы ийгиликтер менен катар жетишпестиктер да сөзгө алынып, аларды жоюу боюнча алдыдагы окуу жылында эске алынуусу айтылды.