АГИде «Муундар арасындагы конфликт» аттуу маданий иш чара өттү

2015-03-03 11:37:52 5

25-февраль шаршемби күнү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Чүй областтык башкармалыгы, Аламүдүн райондук бөлүмү жана эл аралык «Y-PEER» коому менен бирге жаштарды адептүүлүккө, ата-энени сыйлоого, улууларды урматтоого тарбиялоо максатында «Муундар арасындагы конфликт» аттуу маданий иш чара уюштурду. Бул иш чарада атайын сценкалар коюлду жана кудалашуу, үйлөнүү, той өткөрүү жана андагы ысырапчылык, ата баланын ортосундагы түшүнбөстүктөр, ар кандай социалдык абалдагы адамдардын арасындагы түшүнбөстүктөр жана башка турмуштук маселелер, көрүнүштөр аркылуу чагылдырылып, студенттердин ой пикирлери жана көз караштары талкууланды.