Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде конференция болду

2015-02-19 13:01:37 5

2015-жылдын 19-февраль шаршемби күнү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде КМШ өлкөлөрүнүн Антитеррордук Борборунун Орто Азия региону боюнча башкармалыгынын Кыргызстан боюнча өкүлү, полковник Замир Мамбетжунусов жана ушул эле башкармалыктын Казакстан боюнча өкүлү, полковник Муктар Калиев келип, студенттер жана окутуучулар жамааты үчүн «Кыргызстандагы коомдук диний абал жана коопсуздук маселелери» деген темада конференция өттү. Конференцияда мамлекеттин ички жана тышкы коопсуздугу, улуттар аралык биримдик, элдин материалдык жана руханий баалуулуктары, ислам дининин коомдогу орду жана мааниси тууралуу сөз болду. Ошону менен бирге, терроризм жана анын кесепети, Сириядагы абал жана анын Орто Азия өлкөлөрүнө тийгизген таасирине токтолуп, жалпы студенттерди мекенчил болууга, өз элин, жерин, динин сүйүп, мекенин коргоого чакырды.