Урматтуу ОшМУнун окутуучу- профессордук курамы!

2014-10-03 11:26:04 4

Сиздерди Арашан гуманитардык институтунун атынан кесиптик майрамыңыздар болгон Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз. Мекенибиздин тагдырын ойлогон, эл журтунун керегине жараган, Кыргызстандын өсүп- өнүгүшүнө өз салымын кошо турган билимдүү, ыймандуу, элибиздин патриот уул-кыздарын тарбиялоодо сиздердин эмгегиңиздер зор. Сиздердин жалпы коомдогу ордуңуздардын жана аткарган эмгегиңиздердин баа жеткис экендигин эске алуу менен бүгүн кандай каалоо-тилек, жакшы сөз айтсак дагы жарашат. Ошондуктан, ар бир күнүңүздөр майрамдык маанай менен өтүшүн каалап, узун өмүр, чың ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт, тынчтык, токчулук жана ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Жараткан аруу тилек, изги максатыңыздарды кабыл кылсын! АГИнин жамааты