АГИде чоң жоготуу!

2025-03-25 04:58:19 0

Арашан гуманитардык институтунда оор жоготуу. ОшМУ Арашан гуманитардык институту жогорку окуу жай катары негизделип, кызмат көрсөтүп баштаган күндөн тартып алгач институттун директорлук милдетин аркалап, окутуучулук кызматын да өтөп келген педагогика илимдеринин доценти, Жоробеков Темир Астаевич агайыбыз дүйнөдөн өттү. Агайдын жаткан жери жайлуу болсун. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына жетекчиликтин жана окутуучулар жамаатынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, Алладан сабыр тилейбиз.